# 10-статья. Чарба жүргүзүүчү субъектилер өз ара аракеттенген учурда коммерциялык сырды сактоо

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 10-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-10

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, валюталык-финансылык жана башка байланыштарды жүзөгө ашырууда макулдашкан тараптар коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын мүнөзүн, курамын, ошондой эле алардын мыйзамдарга ылайык сакталышын камсыз кылуу боюнча өз ара милдеттенмелерди атайын макулдашышат.

2. Эгерде мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, чет өлкөлүк өнөктөр менен келишим түзүү учурунда иштин жашырындуулугунун шарттары келишим түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-11)
