# КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 19.04.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/37942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-6578/edition/568681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/37942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы жөнүндө" токтому (01.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/37942

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1993-жылдын 19-апрели № 160 Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30-майындагы № 363, 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү" Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы ("Нарын" ЭЭЗи) жөнүндөгү тиркелген жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30-майындагы № 363 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Министрликтер, мамкомитеттер жана администрациялык ведомстволор, Нарын областтык акимдиги, ишканалар, уюмдар жана мекемелер ушул токтомду жетекчиликке алуу менен, "Нарын" ЭЭЗинин өнүгүшүнүн тездешине, эл аралык экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкта анын позициясынын бекемделишине көмөк көрсөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 3-октябрындагы № 437 "Нарын областындагы Эркин экономикалык зонасы ("Нарын" ЭЭЗи) жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министри

Т.Чыңгышев
