# КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы ПУ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы ПУ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1477/edition/552659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы ПУ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Жарлыгы (21.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3743

---

КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 7-майы ПУ № 109 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборун башкарууну оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндөгү Жобонун 18-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- пункт төмөнкү мазмундагы жаңы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы директорунун кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;";

- төртүнчү-алтынчы абзацтар бешинчи-жетинчи абзацтар деп эсептелсин;

- бешинчи абзацтагы "директорун" деген сөз "башкы редактордун орун басарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. "Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна өзгөртүп түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы № 42 Указынын 3-пункту төмөнкү мазмуундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редколлегиясынын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору башчылык кыла тургандыгы белгиленсин.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

5. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
