Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 109 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»Жарлыгы
КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 7-майы ПУ № 109 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборун башкарууну оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндөгү Жобонун 18-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- пункт төмөнкү мазмундагы жаңы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы директорунун кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;";
- төртүнчү-алтынчы абзацтар бешинчи-жетинчи абзацтар деп эсептелсин;
- бешинчи абзацтагы "директорун" деген сөз "башкы редактордун орун басарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. "Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна өзгөртүп түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы № 42 Указынын 3-пункту төмөнкү мазмуундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редколлегиясынын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору башчылык кыла тургандыгы белгиленсин.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
5. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы ПУ № 42 "Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук…Указ · 12.02.1999 · № 42
- Положение о Национальной комиссии по государственному языку при Президенте Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 20 января 1998 года УП N 21)Положение · 20.01.1998 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ №365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну…Указ · 21.12.2010 · № 365 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы ПУ № 42 "Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук…Указ · 12.02.1999 · № 42
- Положение о Национальной комиссии по государственному языку при Президенте Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 20 января 1998 года УП N 21)Положение · 20.01.1998 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ №365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну…Указ · 21.12.2010 · № 365 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы ПЖ №21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.01.1998 · № 21 · Күчүн жоготкон