# О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики "О мерах по совершенствованию координации законотворческой деятельности государственных органов Кыргызской Республики

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1465/edition/485959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики "О мерах по совершенствованию координации законотворческой деятельности государственных органов Кыргызской Республики (25.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3730

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 23-апрели ПУ № 97 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзам чыгаруу ишин координациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-сентябрындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзам чыгаруу ишин координациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен түзүлгөн Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңештин жетекчи курамы төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен түзүлгөн Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңеш жөнүндө Жобонун 6-пунктундагы "айына кеминде бир жолу" деген сөздөр "үч айда кеминде бир жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
