# 5-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттин кепилдиктери жана иш-чаралары

- Документ: [Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/372)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 4-октябрындагы № 83 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 января 2018 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"](https://aqlex.ai/kg/doc/111735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/372#diff=862369..862370>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-354/edition/862367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/372/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө, 5-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-5

---

Айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк технологиялардын Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугуна терс таасир тийгизишин төмөндөтүү максатында, ошондой эле зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан оорулууларга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан:

- эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга;

- адамдын ден соолугу үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон химиялык заттарды, продукциялардын айрым түрлөрүн, радиоактивдү заттарды жана калдыктарды каттоого;

- жашоо чөйрөсүнүн абалы, жасалып жаткан жумуштар менен тейлөөлөрдүн адамдын ден соолугу үчүн коркунуч мүмкүндүгү жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат берүүгө;

- зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө;

- дарылоо-диагноздук жабдууларды жана натыйжалуулугу жогору болгон дары - дармектерди сатып алууга;

- зилдеме жаңы шишиктен жабыр тарткан адамдарга медициналык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүүгө;

- оорунун терминалдык баскычындагы оорулууларды наркотикалык жана ооруну басуучу дары-дармектер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте акысыз камсыз кылууга;

- зилдеме жаңы шишиктер менен оорууга байланыштуу экспертизанын бардык түрлөрүн мамлекет тарабынан кепилдик берилген көлөмдө жүргүзүүгө;

- зилдеме жаңы шишиктер менен ооруунун маселелерине тиешелүү консультациялык - укуктук жана юридикалык жардамдын башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга;

- эгерде бул оорулуунун кызыкчылыгына жооп берсе, аны текшерүүдөгү жана дарылоодогу ден соолугунун абалы, диагнозу жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды башкалардан жашыруун сактоого;

- онкология жаатындагы илимий изилдөөлөргө жетекчилик кылууну жана координациялоону жүзөгө ашырууга кепилдик берет.

Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн мамлекет:

- ооруканадан сырткары, стационардык, реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү мекемелерди түзөт;

- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар үчүн кайрымдуулук ишканалары менен уюмдарын түзүүгө жана алардын иштешине көмөк көрсөтөт;

- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарына барууга жылына бир жолу жеңилдетилген жол киресин камсыз кылат;

- Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп табылган жана пенсиялык камсыздоого укугу жок онкологиялык оорулуу жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жөлөкпулдар менен камсыз кылат.

(КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-6)
