# 2-статья. Зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган дарылоо-алдын алуу иш-чаралары жана аларды жүргүзүүнүн принциптери

- Документ: [Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/372)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 4-октябрындагы № 83 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 января 2018 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"](https://aqlex.ai/kg/doc/111735)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.01.2018 [Закон КР от 9 января 2018 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"](https://aqlex.ai/kg/doc/111735); 29.04.2016 [Закон КР от 29 апреля 2016 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"](https://aqlex.ai/kg/doc/111332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/372#diff=862369..862370>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-354/edition/862367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/372/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө, 2-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-2

---

Зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган дарылоо - алдын алуу иш-чаралары ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленген негизде жана тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган дарылоо - алдын алуу иш-чаралары өзүнө алдын алуучулук, диагноздук, дарылоо жана реабилитациялык иш-чараларды камтыйт. Зилдеме жаңы шишиктерди дарылоо - алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу мамлекеттик бийлик органдарынын милдети болуп эсептелет. Зилдеме жаңы шишиктен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында онкологиялык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте көрсөтүлөт. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан жана пландуу медициналык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган адамдарды текшерүү жана дарылоо акысын төлөө негизинде же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. (КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53, 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-3)
