# 11-статья. Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/372)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 4-октябрындагы № 83 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 января 2018 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"](https://aqlex.ai/kg/doc/111735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/372#diff=862369..862370>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-354/edition/862367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/372/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө, 11-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-11

---

Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары:

- менчиктин бардык түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынан табылган зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдардын саны жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга;

- медицина илиминин онкология жаатындагы соңку жетишкендиктерин саламаттык сактоонун практикасына жайылтууга;

- онкологиялык оорулар боюнча эсепти жана отчеттуулукту туура жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу.

Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары:

- алдын алуу иш-чараларын пландаштырууда жана жүргүзүүдө саламаттык сактоо уюмдарына уюштуруучулук - усулдук жактан жардам көрсөтүүгө;

- зилдеме жаңы шишиктерден шек саноо менен жиберилген адамдарды сапаттуу текшерүүнү жүргүзүүгө;

- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды стационарга жаткырууга жана аларды туура дарылоону камсыз кылууга;

- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды диспансердик байкоого алууну жана амбулатордук дарылоону уюштурууга;

- рактын эпидемиологиясын жана калктын зилдеме жаңы шишиктер менен оорушун төмөндөтүү боюнча иш - чаралардын натыйжалуулугун тутумдук талдоо жүргүзүүгө;

- санитардык - агартуу иштерин жүргүзүүгө;

- врач жана орто медициналык кызматкерлердин кадрларын даярдоону жана онкологиялык оорулардын алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо маселелери боюнча алардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылууга;

- онкологиялык оорунун IV стадиясындагы оорулууларды симптомдук дарылоону жүргүзүүгө;

- медициналык жардам көрсөтүүдө дарылануучунун ден соолугуна зыян келтирилген учурда колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Саламаттык сактоо уюмдары:

- калкты флюорографиялык кароодон тиешелүү мөөнөттө өткөрүүгө;

- аялдарды цитологиялык текшерүүдөн өткөрүүгө;

- онкологиялык оорусу табылган адамдарды кошумча текшерүүнү жана аларды врач - онкологдорго жиберүүнү камсыз кылууга;

- онкологиялык оорулардын пайда болушу боюнча тобокел тобундагы адамдарды диспансердик кошумча байкоодон өткөрүүнү камсыз кылууга;

- сергек жашоонун зарылдыгы жөнүндө санитардык - агартуу ишин жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-12)
