# 10-статья. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери

- Документ: [Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/372)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 4-октябрындагы № 83 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 января 2018 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"](https://aqlex.ai/kg/doc/111735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/372#diff=862369..862370>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-354/edition/862367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/372/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө, 10-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-10

---

Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- онкологиялык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик менчик түрүндөгү саламаттык сактоонун адистештирилген жана башка уюмдары;

- оорунун акыркы баскычындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн медициналык-социалдык мекемелер. Бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандар менен уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары мындай мекемелерди каржылоонун булактары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген уставга ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу боюнча саламаттык сактоонун башкы уюму болуп саналат. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/372/st-11)
