Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 мая 2011 года № 239 "О надбавках к должностным окладам работников государственных учреждений и организаций, имеющих статус "национальный" или почетное звание "академический""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-24.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1994-жылдын 14-февралы № 62 Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 799, 1999-жылдын 8-июнундагы № 319, 2001-жылдын 14-августундагы № 432, 2003-жылдын 9-июлундагы № 424, 2004-жылдын 16-декабрындагы № 933, 2005-жылдын 18-январындагы № 21, 2007-жылдын 16-октябрындагы № 471, 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 553 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Маданият жагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө, жетектөөчү чыгармачыл жамааттарга, маданият жана искусство мекемелерине жана уюмдарына "Академиялык" деген ардак наамды ыйгарууга, "Улуттук" деген статусту берүүгө байланыштуу жана алардын ишин стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген тизме боюнча өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына 20 процент өлчөмүндө үстөк акы белгиленсин.
Көрсөтүлгөн үстөк акыны белгилөө менен байланышкан кошумча чыгымдар эмгекке акы төлөөнүн белгиленген жылдык фондунун чектеринде жүргүзүлөт.
2. "Жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын жана Кыргыз Республикасынын В.И.Ленин атындагы Мамлекеттик китепканасынын кызматкерлеринин кызмат акысын жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 5-июлундагы № 331 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Жумагулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы № 62 токтому менен бекитилген
Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 799, 1999-жылдын 8-июнундагы № 319, 2001-жылдын 14-августундагы № 432, 2003-жылдын 9-июлундагы № 424, 2004-жылдын 16-декабрындагы № 933, 2005-жылдын 18-январындагы № 21, 2007-жылдын 16-октябрындагы № 471, 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 553 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры.
2. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры.
3. Мамлекеттик академиялык орус драма театры.
4. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясы.
5. Токтогул атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын академик Асанхан Жумахматовдун атындагы мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестри.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы.
9. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы.
11. Бабур атындагы Ош областтык академиялык өзбек музыкалык-драма театры.
12. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры.
13. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 553 " Кыргыз Республикасынын Президентинин "С.Ибраимов атындагы Ош драма театрына "улуттук" деген статус ыйгаруу…Постановление · 16.11.2007 · № 553 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 8 июня 1999 года N 319 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 18 марта 1999 года "О преобразовании Государственной книжной…Постановление · 08.09.1999 · № 319 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 471 "М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.10.2007 · № 471 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 7 декабря 1998 года N 799 " О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 24 октября 1998 года "О преобразовании Кыргызского…Постановление · 07.12.1998 · № 799 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы № 62 "Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү…Постановление · 18.01.2005 · № 21 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 июля 2003 года № 424 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 февраля 1994 года № 62 "О установлении…Постановление · 09.07.2003 · № 424 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
9 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.