# КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 13.01.1995
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/36013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-5175/edition/968283/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/36013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому (05.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/36013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1995-жылдын 13-январы № 12 Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-декабрындагы N 779, 2000-жылдын 20-январындагы N 36, 2002-жылдын 20-августундагы N 572, 2003-жылдын 11-мартындагы N 113, 2004-жылдын 13-июлундагы N 528, 2005-жылдын 16-июлундагы N 296, 2005-жылдын 9-декабрындагы N 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы N 599, 2006-жылдын 20-январындагы N 32, 2007-жылдын 11-майындагы N 171, 2008-жылдын 14-июлундагы N 376, 2011-жылдын 13-июнундагы N 305, 2012-жылдын 12-январындагы N 23, 2016-жылдын 15-июнундагы № 322, 2016-жылдын 30-июнундагы № 369, токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматындагыларды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин (тиркелет).

(КР Өкмөтүнүн, 2005-жылдын 9-декабрындагы N 568, 2006-жылдын 23-октябрындагы N 745, 2012-жылдын 12-январындагы N 23, 2016-жылдын 15-июнундагы № 322, 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча 1995-жылдын 1-майына чейин аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөгө, укук берген кызмат өтөөнүн Кыргыз Республикасындагы жерлердин тизмесин аныктасын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомунун редакцияларына ылайык)

3. Коргоо, ички иштер, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча, финансы полициясынын, улуттук коопсуздуктун, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын байланыш кызматынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн актыларын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык келтиришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

А. Жумагулов
