# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-майындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-майындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 301
- Кабыл алынган күнү: 31.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.1999
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/35366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-4846/edition/306598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/35366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-майындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"токтому (31.05.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/35366

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1999-жылдын 31-майы № 301

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы

бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча

уюштуруу чаралары тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы бюджет укугунун негизги принциптери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджет комиссиясы экономика

секторлору боюнча 2000-2002-жылдарга орто мөөнөттүк финансы болжоолору-

нун натыйжаларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу минист-

рликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамле-

кеттик комиссиялар, фонддор жана башка борбордук аткаруу органдары,

мамлекеттик уюмдар үчүн 2000-жылга көзөмөлдүк сандарды 1999-жылдын

5-июнуна чейин бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна

берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баалардын 1999-жыл-

дын 1-майындагы абалында иштелип чыккан болжолдуу индексин жана

2000-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн башка индикативдик

көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 2000-жылдын бюджетин түзүү боюнча зарыл

сунуштарды, ошондой эле 2000-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-

кен көзөмөлдүк сандарды 1999-жылдын 10-июнуна чейин даярдасын жана Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерге, мамлекеттик ко-

митеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга,

фонддорго жана башка борбордук аткаруу органдарына, мамлекеттик уюмдар-

га жеткирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтер, мамле-

кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссия-

лар, фонддор жана башка борбордук аткаруу органдары, мамлекеттик уюмдар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү киргизсин:

- токтомго кол коюлган күндөн кийинки бир жумалык мөөнөттө

2000-жылга бюджет ссудаларын кайтарып алуунун болжолун;

1999-жылдын 10-июлуна чейин:

- областтар жана Бишкек шаары боюнча бөлүштүрүү менен 2000-жылга

бюджет чыгымдарынын сметаларынын жана атайын каражаттар боюнча киреше

жана чыгымдар сметаларынын долбоорлорун зарыл эсептөөлөр, негиздемелер

менен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөткөн сунуш-

тарга жана сметаларга ылайык;

- областтар жана Бишкек шаары боюнча бөлүштүрүү менен бюджеттик

уюмдарга карата тармак, кызмат орундары жана контингенттер боюнча.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик мен-

чикти 2000-2002-жылдарга менчиктештирүүдөн алынган кирешелердин болжо-

лун, анын ичинде 2000-жылга карата областтарга бөлүштүрүп, токтомго кол

коюлган күндөн кийинки бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигине киргизсин.

5. Областтардын мамлекеттик администрацияларынын жана Бишкек шаа-

рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчылары областтардын жа-

на Бишкек шаарынын алар менен макулдашылган бюджеттеринин долбоорлорун

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1999-жылдын 1-июлуна чейин

киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кыргызэнерго" акционердик коому менен бирге 2000-жылга электр

энергиясын керектөө лимитин 1999-жылдын 1-августуна чейин иштеп чыксын

жана бюджеттеги уюмдар менен мекемелерге жеткирсин;

- областтар менен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттеринин дол-

боорлорун кароо графиктерин иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын 2000-жылга республикалык бюджетинин дол-

боорун администрациялык жана экономикалык классталышы боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 1999-жылдын 10-августуна чейин кир-

гизсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев
