Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КРот 8 апреля 2008 года №128 "Об организационных мерах по подготовке проектов бюджета КР на 2009-2011 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 1999-05-31.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 8-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 31-майы № 301
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы
бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча
уюштуруу чаралары тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы бюджет укугунун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджет комиссиясы экономика
секторлору боюнча 2000-2002-жылдарга орто мөөнөттүк финансы болжоолору-
нун натыйжаларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу минист-
рликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамле-
кеттик комиссиялар, фонддор жана башка борбордук аткаруу органдары,
мамлекеттик уюмдар үчүн 2000-жылга көзөмөлдүк сандарды 1999-жылдын
5-июнуна чейин бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна
берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баалардын 1999-жыл-
дын 1-майындагы абалында иштелип чыккан болжолдуу индексин жана
2000-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн башка индикативдик
көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 2000-жылдын бюджетин түзүү боюнча зарыл
сунуштарды, ошондой эле 2000-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-
кен көзөмөлдүк сандарды 1999-жылдын 10-июнуна чейин даярдасын жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерге, мамлекеттик ко-
митеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга,
фонддорго жана башка борбордук аткаруу органдарына, мамлекеттик уюмдар-
га жеткирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтер, мамле-
кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссия-
лар, фонддор жана башка борбордук аткаруу органдары, мамлекеттик уюмдар
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү киргизсин:
- токтомго кол коюлган күндөн кийинки бир жумалык мөөнөттө
2000-жылга бюджет ссудаларын кайтарып алуунун болжолун;
1999-жылдын 10-июлуна чейин:
- областтар жана Бишкек шаары боюнча бөлүштүрүү менен 2000-жылга
бюджет чыгымдарынын сметаларынын жана атайын каражаттар боюнча киреше
жана чыгымдар сметаларынын долбоорлорун зарыл эсептөөлөр, негиздемелер
менен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөткөн сунуш-
тарга жана сметаларга ылайык;
- областтар жана Бишкек шаары боюнча бөлүштүрүү менен бюджеттик
уюмдарга карата тармак, кызмат орундары жана контингенттер боюнча.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик мен-
чикти 2000-2002-жылдарга менчиктештирүүдөн алынган кирешелердин болжо-
лун, анын ичинде 2000-жылга карата областтарга бөлүштүрүп, токтомго кол
коюлган күндөн кийинки бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигине киргизсин.
5. Областтардын мамлекеттик администрацияларынын жана Бишкек шаа-
рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчылары областтардын жа-
на Бишкек шаарынын алар менен макулдашылган бюджеттеринин долбоорлорун
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1999-жылдын 1-июлуна чейин
киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргызэнерго" акционердик коому менен бирге 2000-жылга электр
энергиясын керектөө лимитин 1999-жылдын 1-августуна чейин иштеп чыксын
жана бюджеттеги уюмдар менен мекемелерге жеткирсин;
- областтар менен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттеринин дол-
боорлорун кароо графиктерин иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын 2000-жылга республикалык бюджетинин дол-
боорун администрациялык жана экономикалык классталышы боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 1999-жылдын 10-августуна чейин кир-
гизсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын 2009-2011- жылдарга бюджетинин долбоорлорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №128 ТоктомуПостановление · 08.04.2008 · № 128 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын 2009-2011- жылдарга бюджетинин долбоорлорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №128 ТоктомуПостановление · 08.04.2008 · № 128 · Күчүн жоготкон