Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Положение о Консультативном совете по координации законотворческой деятtльности государственных органов при Президенте Кыргызской Республики (Утверждено Постановлением Правительства КР)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 сентября 2013 года УП № 193 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-09-25.
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-сентябрындагы № 281 Указы менен бекитилген
Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-апрелиндеги ПУ № 97 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кеңештин негизги милдеттери, функциялары жана укуктары III. Кеңештин ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо максатында түзүлгөн консультациялык орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Кеңештин негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
3. Кеңештин негизги максаты мыйзам долбоорлорун даярдоодо мамлекеттик органдардын таламдарын жана күч-аракеттерин координациялоо болуп саналат.
Ал максатка жетүү үчүн Кеңеш төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишине бирдиктүү концепциялык мамилени иштеп чыгуу, колдонуудагы мыйзамдардын системалуулугуна жетишүү;
- артыкчылыктуу мыйзамдарды даярдоо жана кабыл алуу боюнча макулдашылган сунуштарды, пландарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдарда мыйзам долбоорлору жагындагы ишти уюштурууну өркүндөтүү, жаңы укук чыгаруу чечимдеринин натыйжалуулугун божомолдоо.
4. Кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо;
- биринчи кезекте иштеп чыгууга тийиш болгон мыйзам долбоорлорунун тизмеси боюнча сунуштарды даярдоо;
- мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топтордун курамдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү;
- айрым мыйзам долбоорлорун жана башка нормативдик укуктук актыларды талкуулоо;
- колдонуудагы мыйзам актыларынын натыйжалуулугуна жана таасирдүүлүгүнө баа берүү;
- мыйзам долбоорлор жагындагы ишке тышкы булактардан жумшалган финансы каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна баа берүү;
- альтернативдүү варианттар бар болгон учурда мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу;
- мыйзам долбоорлорун даярдоонун жол-жоболорун жана методологиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү.
5. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучуларды конкурстук тандап алууну жүргүзүү;
- Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл адистерди белгиленген тартипте тартуу;
- Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан жана алардын кызмат адамдарынан суратуу жана алуу.
III. Кеңештин ишин уюштуруу
6. Кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок үч айда кеминде бир жолу өткөрүлөт жана, эгер ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса ыйгарым укуктуу деп табылат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-апрелиндеги ПУ № 97 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Чечим Кеңештин жыйналышына катышып отурган мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимине макул болбогон Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн өзгөчө пикирин билдире алат, ал жыйналыштын протоколуна жазылат.
8. Кеңештин чечимине протокол жазылат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки палатасынын төрагаларына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине билдирилет.
9. Кеңештин жыйналышына таламдаш мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
10. Кеңештин ишин уюштурууну жана маалыматтык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмү жүргүзөт.
11. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Указ Президента КР от 29 сентября 2001 года №281 "О мерах по совершенствованию координации законотворческой деятельности государственных органов Кыргызской Республики"Указ · 29.09.2001 · № 281 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.09.2013 · № 193
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 29 сентября 2001 года №281 "О мерах по совершенствованию координации законотворческой деятельности государственных органов Кыргызской Республики"Указ · 29.09.2001 · № 281 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.