# КР Президентинин 2001-жылдын 21-сентябрындагы ПУ № 278 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2001-жылдын 21-сентябрындагы ПУ № 278 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1299/edition/450154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2001-жылдын 21-сентябрындагы ПУ № 278 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" жарлыгы (21.09.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3526

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2001-жылдын 21-сентябры ПУ № 278 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин республиканын тышкы экономикалык иш-аракеттерине тиешелүү маселелерди жөнгө салуу боюнча мурда кабыл алган чечимдерин тартипке келтирүү максатында:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-сентябрындагы "Чийки заты, эл керектөөчү товарларды жана өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияны лицензиялоонун тартибин өзгөртүү жөнүндөгү" № 280 Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 9-февралындагы "Кыргыз Республикасында тышкы экономикалык ишти мамлекеттик башкаруудагы өзгөртүүлөр жөнүндөгү" № 35 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 9-февралындагы "Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштеринде мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү" Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 30-июлундагы № 219 Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 25-мартындагы "Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндөгү" № 34 Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кошумча гарантиялар жөнүндөгү" № 234 Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 25-ноябрындагы "Чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык салууну өркүндөтүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндөгү" № 306 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 9-февралындагы № 36 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 25-мартындагы "Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-мартындагы № 69 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир указдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 24-январындагы № 26 Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча агентствону түзүү жөнүндөгү" 1997-жылдын 4-ноябрындагы № 305 Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы "Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" № 289 Указынын 2-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 11-июнундагы № 191 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу, бекитилүүчү, сунуш кылынуучу жана бошотулуучу кызматтардын тизмесинин 1-бөлүмүнүн 54-пункту.

2. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып колдонууга киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
