# 9-статья. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273093..1273094>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 9-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-9

---

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында өзгөчө статусу Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган атайын эл аралык коргоодон пайдаланышкан төмөнкү чет өлкөлүк жарандар катталышат:

1) Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчылары, дипломатиялык кызматтын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык - техникалык кызматынын жана тейлөө кызматынын мүчөлөрү, ошондой эле эгерде алар аталган өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин үй - бүлө мүчөлөрү жана меймандары;

2) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар чет мамлекеттердин ведомстволорунун кызматкерлери жана алардын үй - бүлө мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен эл аралык уюмдардын кызмат адамдары, аталган уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасында штаб - квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү бар өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн бул уюмдардын уставдык документтерине же тийиштүү эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышкан кызматкерлери, алардын үй - бүлө мүчөлөрү.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган адамдарга аккредиттөө карточкаларын берет же каттоо жөнүндө паспортторуна түздөн - түз жазып коет. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер, ошондой эле эл аралык уюмдар жана кабыл алып жаткан башка уюмдар өтүнгөн учурларда Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди жана алардын үй - бүлө мүчөлөрүн зарыл учурларда каттайт. (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-10)
