# 8-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367); 06.08.2005 [Закон КР от 6 августа 2005 года № 125 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/1723); 21.11.2002 [Закон КР от 21 ноября 2002 года № 153 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/1110)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 8-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-8

---

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат. Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат:

1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык -техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү;

2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат;

3) эл аралык авиажолдорунун жарандык аба кемелеринин курамына кирген адамдар аба кыймылынын колдонуудагы расписаниесинде көрсөтүлгөн аэропорттордо болушканда;

3) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Төртүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-9)
