# 7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079); 09.12.2013 [Закон КР от 9 декабря 2013 года № 214 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/205088); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 7-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-7

---

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эларалык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чегарада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине төмөнкү себептер боюнча уруксат берилбейт:

1) виза же жарактуу документи болбосо;

2) улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгында;

3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоодо, укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо олуттуу залал келтирген болсо;

4) эгерде мурда болгон учурунда ал адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталса;

5) эгерде Кыргыз Республикасына кирүүгө өтүнүч берген учурда ал өзү тууралуу жалган маалымат же жалган документтерди берген болсо;

6) эгерде ошол жаранга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында болушунун (жашоосунун) мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алынса;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздерде.

Визасы болгон учурда кирүүгө уруксат бербөө, аны өтүнгөн адамга, баш тартуу чечимин чыгарган укук берилген мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан мындай баш тартууну негиздөө аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз билдирилет. Киргизүүгө уруксат бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүгө төмөндөгүдөй учурларда чектелиши мүмкүн эгерде алар:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектүү деп кармалышса, же күнөөлүү катары тартылышса, - иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолушса, - жазаны өтөөгө (аткарууга) же жазадан бошотулганга чейин;

3) сот тарабынан айып салынган милдеттерди аткаруудан баш тартышса, - милдеттерин аткарууга же тараптар макулдашууга жетишкенге чейин;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткарышпаса, - мындай милдеттерди аткарганга чейин;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында тартип бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышса, - жазаны аткарууга же жазадан бошотулганга чейин.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенде миграциялык көзөмөлдөн өтүшөт. Миграциялык көзөмөлдөө жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер жарактуу документтери боюнча, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө визаны жол-жоболоштурбастан, мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрмө пункттар аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби ушул Мыйзам, мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-8)
