# 6-статья. Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112669)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112669); 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 32 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики", "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112509); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079); 26.06.2020 [Закон КР от 26 июня 2020 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112049); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 160 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/203969); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309); 06.08.2005 [Закон КР от 6 августа 2005 года № 125 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/1723); 21.11.2002 [Закон КР от 21 ноября 2002 года № 153 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/1110)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273105..1273106>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 6-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-6

---

Аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандары визаны жол-жоболоштурбастан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен жүрүшү, орун которушу мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын болуу мөөнөтү, жүз жыйырма календардык күндөн турган ар бир мезгилдин ичинде суммалык алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө, визасын жол-жоболоштурбастан, жарактуу документтердин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына көп жолу кирүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилген визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү. Чет өлкөлүк мекендештин статусун алган жарандарды, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксаты болууга тийиш. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, токсон жумушчу күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте турган жери боюнча катталууга милдеттүү. Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздар өздөрү жашап жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын юридикалык дареги боюнча каттала алышат. Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-2)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-7)
