# 54-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетиши

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 54-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-54

---

Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бара жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү визасы же уруксаты болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын чыгуу документтерин алган жарандары өзүнчө менчик укугуна таандык мүлктү баруучу өлкөгө ташып чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сактоого укуктуу. Алардын жарандык, социалдык, эмгектеги, турак жай же башка укуктарын ар кандай чектөөгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекет үчүн маданий, тарыхый жана башка кенч болуучу мааниси бар буюмдарды ташып чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу жашоо үчүн анын аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы жайылтылган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата мүлк милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү. Чет мамлекетке чыгып кетүү тартиби бара турган мамлекеттин тийиштүү мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандар, Кыргыз Республикасына кайрылып келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдикке алынган бардык укуктардан жалпы негизде пайдаланышат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-55)
