Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетиши
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 3-Глава
Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бара жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү визасы же уруксаты болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын чыгуу документтерин алган жарандары өзүнчө менчик укугуна таандык мүлктү баруучу өлкөгө ташып чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сактоого укуктуу. Алардын жарандык, социалдык, эмгектеги, турак жай же башка укуктарын ар кандай чектөөгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекет үчүн маданий, тарыхый жана башка кенч болуучу мааниси бар буюмдарды ташып чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу жашоо үчүн анын аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы жайылтылган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата мүлк милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү. Чет мамлекетке чыгып кетүү тартиби бара турган мамлекеттин тийиштүү мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандар, Кыргыз Республикасына кайрылып келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдикке алынган бардык укуктардан жалпы негизде пайдаланышат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 605 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 27.08.2015 · № 605 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-54" title="54-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>