# 5-2-статья. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 5-2-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-2

---

Кыргыз Республикасында тышкы миграция процесстерин жөнгө салуу Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун уюштуруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму деп адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык тутум түшүнүлөт. КР 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мызамынын 4-беренесине ылайык 5-2-беренесинин жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берген, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу бөлүгүндөгү ченеми кирбейт, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-1)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-6)
