# 5-1-статья. Визасыз режим

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 5-1-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-1

---

Кыргыз Республикасы достук, ынак коңшулаштык мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык, соода, илимий-техникалык, маданий жана башка байланыштарды бекемдөө максатында бир тараптуу тартипте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттерге карата визасыз режим киргизет. Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте же өз ара мамиле принциптеринде киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган бул эл аралык келишимдин негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук органдарынын, саламаттык сактоо жаатындагы тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режимин колдонууну толугу менен же жарым-жартылай токтотууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5)  
Кийинки берене: [5-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5-2)
