# 47-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунун алардын коопсуздугунун максатында чектелиши

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 47-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-47

---

Кандайдыр бир мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук шарттарын түзүүгө мүмкүндүк бербеген чукул кырдаал түзүлгөн учурда тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул мамлекетке барышынын өзгөчө тартиби жөнүндө чечим чыгарат же бул мамлекетке барууга убактылуу чектөө коюуга укуктуу. Аталган чектөөлөр чыгууга тоскоол болгон шарттар жоюлмайынча колдонулат. Өкмөттүн чечими Министрлер Кабинет чечим чыгарган мамлекетке чыгууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарына сөзсүз билдирилет жана алар чукул кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан жаранга зарыл коопсуз шарт түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эскертилет. Мындай эскертүү чыгып кетүүгө тыюу салуу болуп саналбайт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-48)
