# 46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 14.01.2020 [Закон КР от 14 января 2020 года № 1 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111988); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309); 06.08.2005 [Закон КР от 6 августа 2005 года № 125 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/1723)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 46-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-46

---

Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат:

1) арыз ээси мамлекеттик сыр болуп саналган маалыматты билген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагыча;

2) жөнгө салынбаган алименттик, келишимдик же башка аткарылбаган милдеттенмелери бар болсо, милдеттенмелери аткарылмайынча же мыйзамда каралган учурларда тараптардын өз ара макулдугу боюнча соттун чечимине ылайык же Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, милдеттенмелер күрөө менен камсыз кылынмайынча;

3) арыз ээсине карата кылмыш иши козголсо, - иш боюнча териштирүү аяктамайынча;

4) арыз ээси кылмыш үчүн соттолгон болсо, - жазасын өтөп бүткөнчө же күнөөсүнөн бошотулгуча;

5) арыз ээси ага соттун чечими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартса, - милдеттенмелерди аткармайынча;

6) арыз ээси өзү жөнүндө белгилүү болуп калган атайын жалган маалымат берсе,- жалган маалымат берүүнүн себеби жана кесепеттери аныкталмайынча;

7) арыз ээси мөөнөттүк аскер кызматына чакырылууга тийиш болсо, - чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче;

8) (КР 2020-жылдын 14-январындагы № 1 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) эгерде арыз ээси соттун өкүмү боюнча пробациялык көзөмөлдө болсо, - көзөмөл токтотулмайынча.

Паспорт ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-9-пункттарда каралган учурларда же паспорт кылмыш жасоодо пайдаланылган болсо, же анда жасалган жерлер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурларда убактылуу кармалат же алынып коюлат. Мындай учурларда паспорт Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура органдары, улуттук коопсуздук органдары, чегара кызматынын органдары тарабынан убактылуу кармалат же алынып коюлат. (Караңыз 2018-жылдын 30 майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 14-январындагы № 1, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-47)
