# 42-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү документтер

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 19.03.2015 [Закон КР от 19 марта 2015 года № 59 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/320042); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 42-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-42

---

Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү жана Кыргыз Республикасынын жаранын ал чет өлкөдө жүргөндө тастыктаган документ катары төмөнкүлөр эсептелинет:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;

2) дипломатиялык паспорт;

3) кызматтык паспорт;

4) кайтып келүү күбөлүгү.

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган тартипте берилет жана пайдаланылат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылып берилүүгө жатат. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. Кыргыз Республикасынын жараны инсандыгын ырастаган документтерди жоготкон учурда Кыргыз Республикасына кирүү укугун берүүчү документ катары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө берилүүчү күбөлүк эсептелинет. Кайтып келүү күбөлүгү жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган учурларда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган документтин ордуна Кыргыз Республикасынан чыгууда башка документтер пайдаланылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2015-жылдын 19-мартындагы № 59, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-43)
