# 4-статья. Кыргыз Республикасында тышкы миграция маселелерин жөнгө салуунун негизги принциптери

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273087..1273088>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 4-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-4

---

Тышкы миграция төмөнкү принциптерге таянуу менен жөнгө салынат:

- адамдардын жашаган жерин эркин тандоосуна, ишмердик жана кесип түрүн эркин тандоосуна, көчүп жүрүү эркиндигине Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген укуктарын камсыз кылуу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дини, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктардын жана эркиндиктин кысымга алынышына жол бербөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тышкы миграция жагынан жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайыктыгын камсыз кылуу;

- мүмкүн болуучу миграцияны жана социалдык-саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу миграциянын агымдарын болжолдоого негизденген программалык аракеттердин негизинде табигый жана чаржайыт миграциянын алдын алуу;

- тышкы миграция иштерине мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мигранттардын сыйлашы жана сакташы.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-5)
