# 34-статья. Иммигрант статусун бербөөгө негиздер

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137); 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=34852..35834>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 34-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-34

---

Иммигрант статусун алууну өтүнгөн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга төмөнкүдөй учурларда иммигрант статусу берилбеши мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо жашап турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

3) виза жана жашап турууга уруксат алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартибин сактабаса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса;

5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса -иш боюнча териштирүү токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп же андан бошотулгуча;

7) башка адамдарга коркунуч келтиргендей саламаттыгы бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирген болсо;

8) өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасына жашап турууга тыюу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайтадан өтүнүп кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүрсө же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе.

12) террордук, экстремисттик же сепараттык уюмдардын мүчөсү болуп эсептелсе;

13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийин үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-35)
