# 32-статья. Иммиграция жөнүндө өтүнүч кийирүү тартиби

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367); 12.10.2009 [Закон КР от 12 октября 2009 года № 262 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203205)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273104..1273105>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 32-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-32

---

Иммиграция жөнүндө өтүнүчкө нотариат тарабынан тастыкталган өтүнүүчүнүн төмөнкү документтери тиркелет:

1) Жарактуу документтин же эларалык келишимдердин негизинде аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү;

2) туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же ага теңдеш документтин көчүрмөсү;

3) үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

4) арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн тиричилик минимумун камсыз кылуучу туруктуу ачык киреше булагы жөнүндө справка;

5) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө справка;

6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.

Жогоруда аталган документтерден тышкары өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:

1) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 1-пунктунда аталган адамдарга карата: ата-энелеринин биринин улутун ырастоочу справка;

2) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 2, 3-пункттарында аталган адамдарга карата: Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган тууганы жиберген чакыруу, туугандыгын ырастоочу документ;

3) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 3-пунктунда аталган адамдарга карата: эгерде алар өтүнүч берген адам менен бирге келишсе анын иммигрант статусун берүү жөнүндөгү өтүнүчү, эгерде алар иммигрантка жашап туруу үчүн келишсе-анын чакыруусу;

4) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 4 жана 5-пункттарында аталган адамдарга карата - камкордук же багууну ырастоочу документтер;

5) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 6-пунктунда аталган адамдарга карата адистигин (кесибин) ырастаган документтер.

Эгерде ата-эне болуп саналган иммигрант менен бирге алардын бойго жете элек 14төн 18 жашка чейинки балдары көчүп келсе, анда алардын иммиграцияга жазуу жүзүндө берген макулдугу талап кылынат. Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энесинин бирөө гана көчүп келсе жана аны менен бирге 18 жашка чейинки балдары кошо келсе, ал, ата-эненин калып калган биринин ата-эненин ошол иммигрант болуп келгени менен балдардын жашоосуна каршы эместигин билдирген, нотариат тарабынан тастыкталган арызын көрсөтүүгө тийиш. Мындай макулдук болбогон учурда ата -эненин иммигрант болуп келген бири тийиштүү мамлекеттин балдарды ага тапшыргандыгы жөнүндөгү соттук чечимин көрсөтүүгө тийиш. Зарыл болгондо миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамы тарабынан расмий тилдеги 32-статьясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-33)
