# 31-статья. Иммигрант статусунун берилиши

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 31-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-31

---

Кыргыз Республикасында убактылуу турушкан жана Кыргыз Республикасында иммигрант статусун алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өтүнүч беришет. (2-бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Эмгекке жөндөмдүү куракка жеткен чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына иммиграциялоо жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Мамагентство адамды иммигрант катары таануу жөнүндө өтүнүчтү карайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, иммиграциялык белгиленген квотага ылайык ал боюнча чечим чыгарат. Иммигрант статусун алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо мөөнөтү тогуз айдан ашпоого тийиш. Иммигрант статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароодо миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чыгарган чечимдер сотто даттанылышы мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын иммигрант статусун алыш үчүн өзүнүн (жана анын үй-бүлөсүнүн) зарыл муктаждыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилөөчү туруктуу акчалай киреше булагы болууга тийиш. Өтүнүч берген адамдын жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда ишке орношууга же Кыргыз Республикасында белгиленген тиричилик минимумунан төмөн болбогон каржылык мүмкүнчүлүктү камсыз кыла турган кепилдик болууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-32)
