29-статья. Эмгек миграциясы боюнча келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу шарттары
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 2-Глава
Кыргыз Республикасына жарандыгын өзгөртүүгө байланышпаган эмгек миграциясы менен келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда туруктуу жашаган жери болушу керек. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү уруксатысыз эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык чыгарылып ташталат. (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-29" title="29-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>