# 27-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079); 27.01.2015 [Закон КР от 27 января 2015 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 27-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-27

---

Кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарды коошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы эмгек ишмердигинин тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жумуш күчүн тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамагентство берген уруксаттардын негизинде ишке ашырылат. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандарга эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жумушчу күч катары тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтерин (ишке уруксат) жана эмгек визасын алуу талап кылынбайт. Эмгек миграциясын жөнгө салууда ички рыногун коргоого артыкчылык берилет. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26-1)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-28)
