# 26-статья. Убактылуу жашап турууга уруксат

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273099..1273100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 26-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26

---

Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келген, Кыргыз Республикасында тиричилик кылууга ачык мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашап турууга уруксат төмөнкү максаттарда берилиши мүмкүн:

1) иштөөгө уруксат менен бирге эмгек келишим боюнча иштөөгө;

2) окуу жайдын өтүнүчү боюнча окуу жайда окууга;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген өтүнмөнүн негизинде инвестицияларды ишке ашырууга.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга убактылуу уруксат төмөнкүдөй шарттарда берилиши мүмкүн:

1) бир жылдан ашпаган мөөнөткө, андан ары жыл сайын, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө узартуу менен;

2) эмгек келишиминде белгиленген же башка иштерди аткаруу үчүн, анын ичинде окуу планында же илимий кызматташуу планында каралган мөөнөткө.

Жашап турууга убактылуу уруксат жогоруда аталган адамдардын үй - бүлө мүчөлөрүнө берилбейт. (КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-25)  
Кийинки берене: [26-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26-1)
