# 26-1-статья. "Санариптик көчмөн" статусу

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 26-1-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26-1

---

"Санариптик көчмөн" статусун алууга мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандардын категориясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат. "Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин укуктары жана милдеттери, ошондой эле "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат. "Санариптик көчмөн" статусун алууга төмөнкүдөй адамдар өтүнүч бере алышпайт:

- тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар;

- мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерди жасагандар;

- Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыккандар, анын аймагынын биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга чакыргандар;

- инсанга, мамлекеттик бийликке, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар, ошондой эле менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор.

"Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин жана анын жакын туугандарынын (жубайы, жашы жете элек балдары, анын багуусундагы жана көзөмөлүндөгү башка адамдар) Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-27)
