# 25-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын милдеттери

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 25-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-25

---

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган жеке адамдар жана юридикалык жактар жана кабыл алуучу уюм чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана милдеттерин өз убагында түшүндүрүүгө, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасында болуу, республиканын аймагында жүрүү жана аларга аныкталган мөөнөт аяктаганда андан чыгуу укугун берген документтерин өз убагында каттоо жана даярдоо чараларын көрүүгө милдеттүү. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каржылык камсыздоо жана медициналык тейлөө тараптардын жазуу жүзүндөгү башкача келишими болбосо, кабыл алынган тарапка жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-26)
