# 24-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен кирүү, жол жүрүү, чыгып кетүү тартиби

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 24-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-24

---

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен кирүү, жол жүрүү, чыгып кетүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар кайрадан сөзсүз алып кетээри жөнүндөгү милдеттенме боюнча ташып кирген транспорт каражаттары белгиленген мөөнөт аяктаганда Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө чыгарылып кетүүгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз алынып калышы мүмкүн эмес. Ушул статьянын экинчи бөлүгүн бузуу менен алынган транспорт каражаты соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине чегерилип коюлушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-25)
