# 21-статья. Жүрүү тартибин аныктоо

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 21-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-21

---

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүнүн тартиби, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Бул тартип ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу катталган авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жай фирмаларынын жана башка чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине да жайылтылат. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталган чет өлкөлүк кабарчылардын жана журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-22)
