# 191-статья. Чыгарып жиберүү

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 20.03.2019 [Закон КР от 20 марта 2019 года № 37 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111878)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 191-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-191

---

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында анын аймагында болуу үчүн белгиленген негиздер болбосо, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберилүүгө жатат. Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан мамлекеттик чек ара кызматына жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирүү менен Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салуу жүктөлөт. (3 бөлүк Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган кылмыштардын түрүнө жараша төмөнкүлөрдү түзөт:

- анча оор эмес кылмыштар үчүн - 5 жыл;

- оор кылмыштар үчүн - 10 жыл;

- өзгөчө оор кылмыштар үчүн - өмүр бою.

Чыгарып жиберүүдөгү чыгымдарды каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт:

1) чыгарылып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын;

2) чакырган жана/же кабыл алган уюмдардын же жеке жактардын;

3) өзгөчө учурларда - бюджеттик каражаттардын эсебинен.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана болууга тыюу салуу тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды республиканын сыртына чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 37, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-19)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-20)
