# 19-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жүрүүнүн белгиленген тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуусу. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жазма буйрук чыгаруу, чыгарып жиберүү

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2026 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.04.2026 [Закон КР от 23 апреля 2026 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011); 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=35834..51933>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 19-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-19

---

Визасынын, жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүрүү укугун ырастоочу документтери (каттоо, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда качкындын ырастамасы) жок болгон же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдаланган, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максат менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренесинде же 126-2-беренесинде каралган укук бузууну жасаган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Миграция, калкты каттоо чөйрөсүндө, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында жүрүү тартиби бузулганына фактылар табылганы жөнүндө ички иштер органдарына жана улуттук коопсуздук органына билдирүүгө милдеттүү. Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 126-2-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууда ички иштер органдары тарабынан аларга карага укук бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат. Аны тапшырган учурдан тартып 30 күндүн ичинде укук бузууну жоюу жөнүндө жазма буйрук аткарылбаган учурда, чет өлкөлүк жаран соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылууга тийиш. Чет өлкөлүк жарандар төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

1) эгерде алардын иш-аракеттери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу же коомдук тартипти сактоо кызыкчылыктарына каршы келсе;

2) эгерде бул калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо.

Чыгарып жиберүүгө материалдар ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы же Кыргыз Республикасында аккредиттелген өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү нон грат персонасы деп жарыяланган учурда - тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделет. Чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө кабарлоо менен адамдын Кыргыз Республикасына киришине убактылуу тыюу салат. Чет өлкөлүк жарандардын укук бузуу жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна убактылуу тыюу салуу мөөнөтү 2 жылды түзөт. Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынан чыгарып жиберүү ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Чыгарып жиберилген чет өлкөлүк жарандар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ички иштер органы же болбосо улуттук коопсуздук органы тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна киргизилет. Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо ушул Мыйзамдын 191-статьясында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна тыюу салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-18)  
Кийинки берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-191)
