# 16-статья. Виза жана жашап турууга уруксат бербөөгө негиздер

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137); 16.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112669); 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=34852..35834>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 16-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-16

---

Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга виза арыз ээси төмөнкүдөй иш жасаган учурларда берилбейт жана узартылууга жатпайт.

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

3) виза же жашап турууга уруксат алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин бузса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса;

5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо -жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча;

7) саламаттыгы башка адамдарга коркунуч келтиргендей бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирген болсо;

8) өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган учурдан баштап алты ай өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;

12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо.

Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берилбейт, эгерде арыз ээси:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат же иштөөгө уруксат алуу жөнүндө өтүнүч берүүдө жалган маалыматтарды берсе;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген виза жана жашап турууга уруксат алуу тартибин сактабаса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашырса;

5) ага карата Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо - жазасын өтөгөнгө же жазадан бошотулганга чейин;

7) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болгон узактыгы башка адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү же саламаттык сактоо мекемесинин өзгөчө көзөмөлүн талап кылуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеде айтылган оору менен ооруса;

8) өзүн жана багуусунда турган адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттан баш тартуу алган учурдан тартып алты ай өткөнгө чейин экинчи ирет өтүнүчү менен кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен Кыргыз Республикасынан чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;

12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;

13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-17)
