Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Виза жана жашап турууга уруксат бербөөгө негиздер
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 195
Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга виза арыз ээси төмөнкүдөй иш жасаган учурларда берилбейт жана узартылууга жатпайт.
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе;
2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;
3) виза же жашап турууга уруксат алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин бузса;
4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса;
5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;
6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо -жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча;
7) саламаттыгы башка адамдарга коркунуч келтиргендей бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирген болсо;
8) өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса;
9) Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган учурдан баштап алты ай өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса;
10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;
11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;
12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо.
Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берилбейт, эгерде арыз ээси:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч келтирсе;
2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат же иштөөгө уруксат алуу жөнүндө өтүнүч берүүдө жалган маалыматтарды берсе;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген виза жана жашап турууга уруксат алуу тартибин сактабаса;
4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашырса;
5) ага карата Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;
6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо - жазасын өтөгөнгө же жазадан бошотулганга чейин;
7) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болгон узактыгы башка адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү же саламаттык сактоо мекемесинин өзгөчө көзөмөлүн талап кылуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеде айтылган оору менен ооруса;
8) өзүн жана багуусунда турган адамдарды камсыз кыла албаса;
9) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттан баш тартуу алган учурдан тартып алты ай өткөнгө чейин экинчи ирет өтүнүчү менен кайрылса;
10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен Кыргыз Республикасынан чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;
11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;
12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;
13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик алынып салынды: же расмий тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо … 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 кошулду: , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437…Положение · 31.07.2024 · № 437
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга…Положение · 13.11.2008 · № 626 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 декабря 2000 года N 730 " О заключении на проект Закона Кыргызской Республики "О беженцах"Постановление · 11.12.2000 · № 730 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-16" title="16-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>