# 15-статья. Жашап турууга уруксат

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2024 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230007120)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.05.2024 [Закон КР от 24 мая 2024 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230007120); 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450); 12.10.2009 [Закон КР от 12 октября 2009 года № 262 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203205); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202309)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273106..9095>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 15-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-15

---

Кыргыз Республикасына келген жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрыла алышат. Жашап турууга уруксаттар убактылуу жана туруктуу болуп бөлүнөт. Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык убактылуу жашап турууга уруксат алышат. Ушул Мыйзамга ылайык иммигрант статусу берилген жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар туруктуу жашоого уруксат алышат. Жашап туруунун жол жобосун жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн жашап турууга уруксат алуу талап кылынбайт. Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат ушул Мыйзамга ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет. Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын алардын Кыргыз Республикасында болгон мезгилиндеги жекече күбөлүгү болуп саналат. Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат жарактуу документи менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө виза албастан мамлекеттик чектен көп ирет өтүүгө уруксат берет. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу жана/же туруктуу жашап туруу уруксатынын колдонуу мөөнөтүн узартат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-142)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-16)
