# 141-статья. Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн негиздер

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273093..1273094>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 141-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-141

---

Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасына ишке орношуу жана жеке ишкердик жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүү укугуна уруксаты;

- үй-бүлөсүнө кайра кошулуу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого көчүп келүү үчүн этностук кыргыздарга - арыз ээсинин жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо жөнүндө документ;

- үй-бүлөсүнө келүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына келүү үчүн этностук кыргыздарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү жана/же туугандыгын ырастоочу документ;

- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - билим берүү уюму жана арыз ээсинин ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-14)  
Кийинки берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-142)
