# 14-статья. Виза берүү үчүн негиздер

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112532); 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 14-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-14

---

Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- Кыргыз Республикасына ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максаттары менен келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын ишкер мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн - жекече кайрылуусу;

- Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган иш берүүчүнүн өтүнүчү;

- жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке ишкердин жеке арызы;

- Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу;

- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - зарыл болгон учурда бара турган өлкөнүн визасы бар анык документти тиркөө менен юридикалык жактын жеке арызы же өтүнүчү же келгенден кийин виза алган учурда, үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү;

- инвестициялоо максаты менен Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын экономикасына ушул Мыйзамдын 142-статьясында көрсөтүлгөн салымын ырастоочу документ.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2023-жылдын 24-февралындагы № 41, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-13)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-141)
