# 13-статья. Виза берүү

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/350)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112531); 24.10.2016 [Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111450)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/350#diff=1273103..1273104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-332/edition/1273082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/350/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө, 13-статья (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-13

---

Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана узартылуучу электрондук визаларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык ыйгарым укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет. Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды узартуу тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү жети жумушчу күндөн ашык эмести түзөт. Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/350/st-14)
