# О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики "Об основах организации местного самоуправления в городах областного подчинения Кыргызской Республики

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1234/edition/375950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики "Об основах организации местного самоуправления в городах областного подчинения Кыргызской Республики (10.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3449

---

КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2001-жылдын 29-июну ПЖ № 207

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 40-статьясынын 6-пунктуна 43-статьясынын 2-пунктунун 11, 12-пунктуна жана 44-статьясынын 17, 18-пункттарына ылайык токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 153 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- III бөлүмдүн 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

- "Шайлоо кутусунда болгон бюллетендердин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын шаардын мэринин кызматына талапкерди жактап берилген добуштардын санын жана бардык талапкерлерге каршы берилген добуштардын санын белгилейт.

- IV бөлүмдүн 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Протоколго кол коюлгандан кийин дароо эле Борбордук шайлоо комиссиясынын комиссиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялайт".

2. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
