Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Положение об основах этики государственных служащих (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики УП №11)
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
2001-жылдын «9»
январындагы № 11
Указы менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын
этикасынын негиздери жөнүндө жобо
1. Жалпы маселелер
1. Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү бул
Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Мамлекеттик кызмат
жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан
жана мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун нормаларын жана
этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн мамлекеттик кызматчыларга карата
таасир этүү чараларын белгилейт.
Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик
кызматчыларына жайылтылат.
2. Мамлекеттик орган бул жобонун негизинде өз иш-аракеттеринин
өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзүнүн Кесиптик этикасынын кодексин
кабыл алат.
II. Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негизги принциптери
3. Мамлекеттик кызматчынын этикасы – бул мамлекеттик кызматчынын
жүрүш-туруш эрежелерин белгилеген жана жөнгө салган нормалар
системасы.
4. Мамлекеттик кызматчы этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин
сактоого тийиш:
- өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесиптик дењгээлде
аткарууга, өзүнүн жалпы билиминин жана кесиптик дењгээлин жогорулатып
турууга;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жана жетекчилер,
кесиптештери, кол алдындагылар жана жарандар менен болгон кызматтан
тышкаркы мамилелеринде мамлекеттик кызматчы жалпы кабыл алынган жүрүш-
туруш эрежелерин тутууга, өзүн татыктуу алып жүрүүгө милдеттүү;
- сылык-сыпаа, сабырдуу, принциптүү болууга, маселенин түпкү
өзөгүн терењ билүүгө умтулууга, сүйлөшүп жаткан адамды уга жана анын
позициясын кабыл ала билүүгө, ошондой эле чечимдерди калыс жана
жүйөөлүү кабыл алууга;
- башка мамлекеттик кызматчылар тарабынан этика нормаларынын
бузулушунун фактыларын көњүл буруусуз калтырбоого;
- кол алдында иштегендерди укукка жат чечимдерди кабыл алууга жана
мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлоого;
- мамлекеттик жашырын сыр болгон кызматтык маалыматты таркатпоого;
– жарандар жана башка адамдар менен өзүнүн жетекчисинин,
кесиптештеринин жана кол алдындагылардын, ошондой эле өзүнүн
мамлекеттик кызматты аткаруудагы аракеттерин талкуулабоого;
- өз кызмат абалын мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз өзүнүн же үй-
бүлө мүчөлөрүнүн, өзүнүн жакын туугандары болгон адамдардын
кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди чечүү максатында пайдаланууга
тыюу салынат;
5. Этиканы сактоо ар бир мамлекеттик кызматчынын кызматтык милдети
болуп эсептелет жана анын аткаруучу милдеттеринде бекемделет.
6. Мамлекеттик кызматчынын этикасына байланыштуу чектөөлөр.
Мамлекеттик кызматчынын төмөнкүлөргө укугу жок:
– педагогикалык илимий жана чыгармачыл иштен башка иштер менен
алектенүүгө;
- жеке ишкердик кылууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын ар
кандай түрдөгү сыйлык акы алуу менен адамдарга же юридикалык жактарга
алардын ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн
пайдаланууга;
- өзү иштеген же түздөн-түз өзүнө баш ийген же контролдугунда
болгон мамлекеттик органда үчүнчү жактардын ишине өкүлчүлүк кылууга;
- материалдык-техникалык, финансылык же маалыматтык камсыз кылуу
каражаттардын, кызматтык транспорт каражаттарын, башка мамлекеттик
мүлктү же кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта пайдаланууга;
- адамдардан же юридикалык жактардан өзүнүн кызматтык ыйгарым
укуктарын аткарууга байланыштуу иш-аракеттерди жасагандыгы же
жасабагандыгы үчүн тартуу, акча же кызмат түрүндө сыйлык акы алууга;
- забастовкаларга, манифестацияларга катышууга же башкача иш-
аракеттери менен мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттик
кызматчынын өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга;
- өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардын
жана диний уюмдардын иш-аракеттерине катышууга;
- мамлекеттик органдарда өзүнө жакын туугандыгы бар адамдардын
(ата-энесинин, жубайынын, ага-инисинин, эже-карындаштарынын,
балдарынын) кол алдында же контролдугу астында болгон мамлекеттик
кызматтарда иштөөгө;
- кызматтык маалыматты жана кызмат абалын өзүнүн жеке
кызыкчылыгында пайдаланууга;
- макулдашылбаган же ыйгарым укук берилбеген милдеттенмелерди
алууга жана убадаларды берүүгө.
Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматын токтоткондон кийин бир
жыл ичинде мурдагы иштеген жерине өзүнүн компетенциясына кирүүчү
маселе боюнча кайрыла албайт.
7. Ушул Жобого ылайык мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык
милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз иш-аракетинде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун, мамлекеттик
каражаттардын максатына ылайыксыз пайдаланышынын өзүнө белгилүү болгон
фактылары жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө;
- жалпы кабыл алынган адептик-этикалык нормаларды сактоого,
элдердин каада-салттарына сый мамиле жасоого;
- ким тарабынан болбосун, анын ичинде ээлеген кызмат ордуна же
кызмат абалына карабастан башка кызмат адамдарынын өзүнүн кызматтык иш-
аракеттерине мыйзамсыз таасир этүүсүнө жол бербөөгө;
- мамлекеттик органда кабыл алынган Кесиптик этика кодексин
сактоого.
Кызматтан тышкаркы мезгилде мамлекеттик кызматчы ушул Жободо жана
мамлекеттик органда кабыл алынган Кесиптик этика кодексинде
белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоого милдеттүү.
8. Мамлекеттик кызматчынын өзүнүн мамлекеттик кызматтагы иш-
аракетинин натыйжасында жеке кызыкчылыгы болгон жана андай кызыкчылык
мамлекеттик органдын, айрым жарандын же бүтүндөй коомдун
кызыкчылыктарына карама-каршы келген кырдаал кызыкчылыктардын кагылышы
деп табылат.
Эгерде мамлекеттик кызматчы өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин же
үчүнчү адамдардын мыйзамсыз чечим кабыл алдырууга багытталган жана
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү кысымы астында калса бул
жөнүндө ал токтоосуз түрдө мамлекеттик органдын жетекчисине же жогору
турган органга билдирүүгө милдеттүү.
III. Мамлекеттик кызматчынын этикасын жөнгө салуучу органдар
9. Мамлекеттик кызматчылардын этикалык нормаларды сактоосуна
контролду ар бир мамлекеттик органда мамлекеттик кызматчылардын ичинен
түзүлүүчү этика боюнча комиссиялар, ал эми мамлекеттик органдардын
жетекчилерине карата контролду Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик кызматчылардын этика маселелери боюнча комиссия
(мындан ары – Президентке караштуу Комиссия тарабынан ишке ашырылат).
10. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик органдын
кызматкерлери тарабынан мамлекеттик кызматчылардын ичине шайланат.
Төрага этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайланат.
Мамлекеттик органдын жетекчиси, анын орун басары комиссиянын курамына
кызматы боюнча киришет, бирок бул комиссиянын төрагасы болуп шайлана
алышпайт. Этика боюнча комиссиянын төрагасы бул комиссияда иштеген
ишине байланыштуу, өз каалоосу, соттун чечими менен, башка ишке
өткөндүгүнө, шайлануучу кызмат ордуна шайлангандыгына байланыштуу
иштен бошонгон учурлардан тышкары, этика боюнча комиссиянын тиешелүү
макулдугу болмоюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн эмес.
Этика боюнча комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы «Кыргыз Республикасында
мамлекеттик кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги
маселелери жөнүндөгү» № 191 Указы менен бекитилген «Кыргыз
Республикасында мамлекеттик кызматчыларды аттестациядан өткөрүү
тартиби жөнүндөгү жобого» ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдын
аттестациялык-конкурстук комиссиясынын мүчөсү болуп эсептелет.
Этика боюнча комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн
жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Этика боюнча
комиссиянын добуштары бирдей болуп калган учурда төраганын пикири
чечүүчү болуп эсептелет.
11. Мамлекеттик органдын этика боюнча комиссиясы төмөнкүлөргө
укуктуу:
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик кызматчыдан
анын тартип бузуусунун кырдаалы жөнүндө түшүнүк кат берүүнү талап
кылууга;
- мамлекеттик кызматчы тарабынан жасалган тартип бузуунун
кырдаалын объективдүү, толукна ар тараптан териштирүүгө багытталган
иштерди аткарууга;
- мамлекеттик органдын жетекчисине этика маселелери боюнча жана
мамлекеттик кызматчыга карата тийиштүү чара көрүү жөнүндө сунуштарды
берүүгө;
- мамлекеттик кызматчынын кесиптик этикасынын кодексин иштеп
чыгууга жана аны бекитүү үчүн мамлекеттик органдын жетекчисине
берүүгө.
12. Комиссия аткарган иштери жөнүндө жыл сайын Президентке
караштуу Комиссияга отчет берет
Комиссиянын болушу мамлекеттик органдын жетекчисине ага
тапшырылган органда этикалык жүрүш-турушту камсыз кылуу
жоопкерчилигинен өзүнөн-өзү четтеп калууга жол бербейт. Этикалык
талаптарды сактоо – бардыгынын жана ар биринин милдети.
IV. Мамлекеттик кызматчылардын тартиптик жоопкерчилиги.
Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү
13. Мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык жана кылмыштык
жоопкерчиликти көтөрөт.
Мамлекеттик кызматчынын тартиптик жоопкерчилиги деп мамлекеттик
органдын жетекчисинин (жалдоочунун) мамлекеттик кызматчыга карата анын
өзүнүн кызматтык милдеттерин укукка каршы аткаргандыгы, аткарбагандыгы
же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы (кызматтык тартипти бузгандыгы) үчүн
тартиптик таасир этүү (жазалоо) чараларын колдонушу түшүнүлөт.
14. Мамлекеттик кызматчыга карата эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш
жарыялоо, кызматына толук ылайык келбөө жөнүндө эскертүү, класстык
ченинде төмөндөтүү, кызматынан төмөндөтүү, бошотуу түрүндөгү жазалоо
жалдоочу тарабынан кызматчынын эмгек тартибин бузгандыгы, башкача
айтканда ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагындыгы же
тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн, ошондой эле ушул Жобонун 4-8-
пункттарынын талаптарын бузгандыгы үчүн колдонулушу мүмкүн.
15. Мамлекеттик кызматчыга карата тартиптик жаза мамлекеттик
органдын жетекчиси (жалдоочу) тарабынан кызматтык кылмыш жасалган
факты аныкталган же ырасталган учурда (анын ичинде мамлекеттик
кызматчы жүрүш-туруш эрежелерин сактабаган) учурда гана колдонулушу
мүмкүн.
16. Мамлекеттик кызматчы тарабынан жасалган кызматтык кылмыш
фактысын аныктоо же ырастоо үчүн мамлекеттик органдын жетекчиси
(жалдоочу) тарабынан анын өз демилгеси менен, этика боюнча комиссиянын
же кызматчынын өзүнүн сунушу боюнча дайындалган кызматтык териштирүү
жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кызматтык териштирүү жарандардын жана юридикалык жактардын
кайрылууларынын негизинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында
мамлекеттик кызматчынын кызматтык (тартиптик) кылмыш жасагандыгы
жөнүндө маалымат жарыяланган учурда да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кызматтык териштирүү мамлекетик органдын этика боюнча комиссиясы
тарабынан жүргүзүлөт.
17. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде мамлекеттик
кызматчы эмгек акысын сактоо менен тергөө жүргүзүлгөн бардык убакытка
кызматынан четтелиши мүмкүн.
18. Мамлекеттик кызматчынын түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу
кызматтык териштирүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт. Түшүнүк берүүдөн
баш тартуу жөнүндө этика боюнча комиссия акт түзөт.
19. Кызматтык териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
20. Кызматтык териштирүү бүткөндөн кийин маалымдама жазылып, ал
кызматтык териштирүүнүн материалдары менен бирге мамлекеттик органдын
жетекчисине (жалдоочуга) биротоло чечим кабыл алуу үчүн берилет.
21. Кызматтык териштирүү жөнүндөгү маалымдамада төмөнкүлөр
камтылууга тийиш:
- кимге карата, качан жана ким тарабынан кызматтык териштирүү
жүргүзүлдү;
- кызматтык териштирүүнү дайындоо үчүн негиздер;
- мамлекеттик кызматчынын укук тартибин бузгандыгынын фактысын
аныктоонун кырдаалы;
- жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн зарыл болгон материалдар
менен ырасталган жыйынтыктары.
22. Төмөнкү учурларда кызматтык териштирүү токтотулат же
жүргүзүлбөйт:
- мамлекеттик кызматчы өзүнүн кылмыш жасагандыгын чын дилден
мойнуна алса;
- тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткен учурда;
- жасалган тартип бузууда уголовный кылмыш ишинин белгилери
табылса.
- 23. Президентке караштуу Комиссия ар кандай мамлекеттик
кызматчыга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой эле
мамлекеттик органдарда жүргүзүлүп жаткан кызматтык териштирүү боюнча
материалдарды талап кылууга укуктуу.
24. Кызматтык териштирүүдө мамлекеттик кызматчынын тартип
бузгандыгы ырасталган учурда мамлекеттик органдын жетекчиси (жалдоочу)
ага карата тартиптик жаза колдонот.
Мамлекеттик органдын жетекчисинин (жалдоочунун) чечиминде
жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүдө аныкталган жана тартиптик жаза
колдонуу үчүн негиз болгон кырдаалдар көрсөтүлөт.
25. Тартиптик жаза мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз жетекчисинин
өтүнүчү же андай жазаны колдонгон кызмат адамынын өз демилгеси менен
мөөнөтүнөн мурда алып салынышы мүмкүн.
Тартиптик жазанын мөөнөтүнөн мурда алып салынышы жөнүндө тийиштүү
чечим чыгарылат.
V. Корутунду жобо
26. Мамлекеттик кызматчы өзүнө колдонулган жазага макул болбогон
учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
тартиптик жаза колдонуу жөнүндөгү чечимге карата даттанууга укуктуу.
№2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
2001-жылдын «9»
январындагы № 11
Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик
кызматчылардын этика маселелери боюнча комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Президентинин – төрага
Администрациясынын Жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин – төраганын орун басары
Администрациясынын уюштуруу иштери
жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн башчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин – аткаруучу катчы,комиссиянын
Администрациясынын уюштуруу иштери секретариатынын
жана мамлекеттик башкаруу саясаты жетекчиси
бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат
секторунун башчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
Администрациясынын
юридикалык бөлүмүнүн башчысы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчиси
– Кыргыз Республикасынын министри
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жана регионалдык
өнүктүрүү боюнча министри
Кыргызстандын Кесиптик бирликтер
федерациясынын төрагасынын орун
басары (макулдашуу боюнча)
Өкмөттүк эмес жана коммерциялык
эмес уюмдардын ассоцияациясынын
төрагасы (макулдашуу боюнча)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 9-январынан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы жөнүндө" ПУ №11 УказыУказ · 09.01.2001 · № 11
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 25 июля 2000 года УП №191 " Об основных вопросах обеспечения и организации государственной службы Кыргызской Республики"Указ · 25.07.2000 · № 191 · Күчүн жоготкон
- О государственной службеЗакон · 30.11.1999 · № 132 · Күчүн жоготкон