Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2001-жылдын 10-июну ПУ № 194 Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2003-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 297 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422, 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481, 2012-жылдын 27-январындагы ПЖ № 19 (КПҮ), 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243, 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Эгемендүү Кыргыз Республикасынын, ошондой эле президенттик институттун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн процесстерин чагылдырган тарыхый документтердин сакталышын камсыз кылуу жана аларды ойдогудай пайдалануу максатында жана архив ишинин дүйнөлүк тажрыйбасына таянып токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, анын Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы уюмдар менен мекемелердин ишинин процессинде топтолгон документтердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин чагылдырган жана тарыхый, саясий, илимий жана практикалык мааниси болгон башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке адамдардын документтеринин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду түзүлсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архивинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви түзүлсүн, ага мамлекеттик архивдин статусу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду жана Архиви жөнүндө жоболор бекитилсин (1 жана 2 тиркемелер).
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматына Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтерин түзүү, комплекттөө жана сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивин түзүү боюнча зарыл болгон уюштуруу чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин жооптуу кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 12 киши деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422, 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. (КР Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы ПЖ № 19 (КПҮ) Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-январындагы № 44 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
9. (КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
10. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- Положение об Архиве Президента Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента от 10 июня 2001 года УП №194)Положение · 10.06.2001 · № 194
- Постановление Правительства КР от 29 марта 2002 года №176 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики «О создании Архивного фонда и Архива Президента Кыргызской…Постановление · 29.03.2002 · № 176
- Положение об Архивном фонде Президента Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента от 10 июня 2001 года УП №194)Положение · 10.06.2001 · № 194
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-ноябры ПЖ № 296 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 13.11.2023 · № 296
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив…Указ · 10.08.2006 · № 422
- КР Прензидентинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана…Указ · 03.11.2017 · № 243
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- Указ Президента КР от 27 октября 2007 года УП № 481 "О внесении изменений и признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"Указ · 27.10.2007 · № 481
- Указ Президента КР от 11 сентября 2003 года № 297 "О внесении дополнения и изменения в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"Указ · 11.09.2003 · № 297
- Распоряжение Президента КР от 18 января 2001 года РП №44 (О создании при пресс-службе Президента КР архива фотокиновидеоматериалов, связанных с деятельностью Президента КР)Распоряжение · 18.01.2001 · № 44 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Президентинин 2012-жылдын 27 январындагы ПЖ № 19 "(Кыргыз Республикасынын Президентинин бул указы кызматтык пайдалануу документи болуп саналат)"Указ · 27.01.2012 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-ноябры ПЖ № 296 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 13.11.2023 · № 296
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- Указ Президента КР от 11 сентября 2003 года № 297 "О внесении дополнения и изменения в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"Указ · 11.09.2003 · № 297
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив…Указ · 10.08.2006 · № 422
- Распоряжение Президента КР от 18 января 2001 года РП №44 (О создании при пресс-службе Президента КР архива фотокиновидеоматериалов, связанных с деятельностью Президента КР)Распоряжение · 18.01.2001 · № 44 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.