Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2001-жылдын 5-апрелиндеги N 116
Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 26-сентябрындагы N 255 Жарлыгынын,
2002-жылдын 31-октябрындагы N 299 Жарлыгынын,
2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясынап ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары-Социалдык
фонд) Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана
пенсия менен камсыз кылуу системасынын өз алдынча башкаруу принципте-
ринде иштеген аткаруучу органы болуп саналат.
Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына,
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ушул Жо-
бого, Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу
кењештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
2. Социалдык фонд, анын мүлкү жана акча каражаттары мамлекеттин
менчигинде турат. Социалдык фонддун акча каражаттары республикалык бюд-
жеттик курамына кирбейт, алып коюлбайт жана андан салык-комиссиялык жы-
йымдар алынбайт.
Социалдык фонд өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттар-
га, курулуштарга, башка материалдык баалуулуктарга жана мүлккө өзалдын-
ча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
3. Социалдык фонд юридикалык жак болуп саналат, өз аталышы жазыл-
ган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү бо-
лот. Социалдык фонду Бишкек шаарында жайгашат. Социалдык фонддун Кыргыз
Республикасынын аймагында региондук органдары болот.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
II. Социалдык фонддун милдеттери жана функциялары
4. Социалдык фонддун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу
жагынан макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- камсыздандырылган адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укуктарын камсыз
кылуу;
- Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
5. Социалдык фонд төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүгөн юридикалык жана
жеке жактарды каттоо жана эсепке алуу, камсыздандыруу взносторун
төлөөчүлөрдүн бардык категориялары боюнча маалыматтар банкын алып ба-
руу;
- камсыздандыруу взносторун чогултуу, толуктоо жана өз учурунда
жана толук көлөмдө Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсызданды-
руу фондуна өткөрүп берүү;
- пенсияларды, камсыздандыруу жөлөкпулдарын жана компенсацияларды
дайындоо жана аларды төлөп берүүнү уюштуруу;
- камсыздандырылган жактардын "Мамлекеттик милдеттүү социалдык
камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече
(индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык жекече (индивидуалдык) эсебин жүргүзүү;
- пенсиялык фонддун, медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун
чыгымдарын финансылоо;
- кызматкердин жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү-
гө күнөөлүү иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан эмгектик мертинүүдөн, ке-
сиптик оорулардан улам алган майыптыгы боюнча же багар адамынан айрыл-
гандыгы боюнча мамлекеттик пенсиянын суммасын өндүрүп алуу;
- камсыздандыруу взностору Социалдык фондго өз учурунда жана толук
келип түшүшүнө, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу кара-
жаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура чыгымдалышына
контролдук кылуу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу
тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча
сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
- Социалдык фондунун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоо;
- Социалдык фонддун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча калк
жана юридикалык жактардан арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жарандарды пенсиялык камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик
эмес пенсиялык фонддор менен өзара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
аткаруу.
(КР Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы N 255 Жарлыгынын,
2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
III. Социалдык фонддун укуктары
6. Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Социалдык фонд төмөнкү-
лөргө укуктуу:
- уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабас-
тан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик кылган юридикалык жана
жеке (анын ичинде четөлкөлүк) жактардын ишин белгиленген тартипте илик-
төөгө, камсыздандыруу взносторун төлөө жана мамлекеттик социалдык кам-
сыздандыруу каражаттарын чыгымдоо маселелери боюнча зарыл документтерди
жана маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө
ашыруу үчүн зарыл болгон камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган
жактар жөнүндө маалыматты, анын ичинде салык декларациясын жана башка
маалыматтарды салык кызматынын органдарынан Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте алууга;
- камсыздандыруу взносторун төлөө жана пенсияларды, жөлөкпулдарды,
компенсацияларды төлөөгө каралган каражаттарды чыгымдоо боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюуну юридикалык жактын кызмат
адамдарынан, жеке жактардан талап кылууга;
- контролдоочу органдардын, башка уюмдардын, мекемелердин жана иш-
каналардын квалификациялуу адистерин экспертизаны жүргүзүүгө тартууга;
- камсыздандыруу взносторун төлөө боюнча табылган укук бузууларды
жоюу жөнүндө талаптар аткарылбаган, камсыздандыруу взносторун эсептөө
жана төлөө, социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр менен байланышкан
документтерди камсыздандыруучунун кызмат адамдарына бербеген учурларда
банк мекемелериндеги жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептер
боюнча камсыздандыруучунун операцияларын мыйзамдарда белгиленген тар-
типте убактылуу токтотууга;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу
чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн мыйзамдар-
да белгиленген тартипте администрациялык айып салууга;
- милдеттүү камсыздандыруу взносторун төлөөдөн качкан жана Социал-
дык фонддун талаптарын аткарбаган адамдарга материалдарды укук коргоо
органдарына берүүгө;
- төлөм талаптарын коюу жолу менен мамлекеттик социалдык камсыз-
дандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыз-
дандыруу взностору, финансылык санкциялар боюнча белгиленген мөөнөттө
төлөнбөгөн суммаларды Социалдык фонддун бюджетине өндүрүп алууга, ошон-
дой эле мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын
мүлкүн өндүрүүгө;
- банктарда эсептерди ачууга;
- банктардагы кыска мөөнөттүү депозиттерге эркин каражаттарды
убактылуу жайгаштырууга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу ка-
газдары жагынан операцияларды жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарды
сатып алууга жана сатууга;
- Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ре-
зервдик фондду, ошондой эле Социалдык фондду өнүктүрүү фондун түзүүгө;
- карыз каражаттарды тартууга;
- доо коюу же Социалдык фонддун таламдарын коргоо үчүн зарыл бол-
гон башка укуктук аракеттерди жасоого;
- камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карызы бар, бирок
оор финансылык абалга байланыштуу аны тындыруу мүмкүнчүлүгү болбогон
камсыздандыруучуларга, эгерде мажбурлап өндүрүп алуу камсыздандыруучуну
жоюуга же анын банкроттугуна алып келиши мүмкүн болсо, камсыздандыруу
взностору, туум, айып же башка финансылык санкциялар боюнча карызды
тындырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтүн (бөлүп-бөлүп төлөөнү) берүүгө;
- Социалдык фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат-
тарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алууга;
- пенсия жана жөлөкпул маселелери боюнча белгиленген тартипте эла-
ралык кызматташтыкка, мамлекеттер аралык жана эларалык келишимдер менен
макулдашууларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
7. Социалдык фонд өз компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыр-
гыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары милдеттүү түрдө аткара
турган нускоолорду жана башка нормативдик актыларды чыгарат.
Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин коз-
гогон, ошондой эле ведомстволор аралык мүнөздөгү Социалдык фонддун нор-
мативдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген
тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
(КР Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы N 255 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
IV. Социалдык фонддун каражаттары
8. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөрдүн, иш-
теп жаткан жарандардын жана башка жактардын камсыздандыруу взностору-
нан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган республикалык бюджет-
тен бөлүнгөн каражаттардан;
- камсыздандыруу взносторун өз убагында жана толук эмес которгон-
дугу үчүн алынуучу туум жана айып акылардан;
- регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана
жарандардан өндүрүлгөн каражаттардан;
- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияларды төлөөгө иш берүүчүлөр
которуучу каражаттардан;
- жоюулуп жаткан ишканалардын кызматкерлерине пенсия жана
жөлөкпулдарды төлөп берүү үчүн капиталдашкан суммалардан;
- ишканалардын Социалдык фондго таандык акциялары боюнча дивиденд-
дерден;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жана чет
өлкөлүк жарандардын ыктыярдуу взносторунан;
- Социалдык фонддун эркин каражаттарын жайгаштыруудан алынган ки-
решелерден.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
9. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияны төлөп
берүүгө;
- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык милдеттүү
камсыздандырууну финансылоого;
- Социалдык фонддун учурдагы ишин келип түшкөн камсыздандыруу
взностоурун суммасынан үч проценттен ашпаган өлчөмдө финансылык жана
материалдык-техникалык камсыз кылууга;
- Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ре-
зервдик фондду түзүүгө. Резервдик фондду түзүүнүн жана пайдалануунун
тартиби мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу
кењеш тарабынан аныкталат;
- Социалдык фондду өнүктүрүү фондун (туум акылардын, айып акылар-
дын жана башка финансылык санкциялардын суммасынан алынган каражаттар-
дын 30 процентин чегерүүнүн эсебинен) түзүүгө. Өнүктүрүү фондун пайда-
лануу тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча
байкоочу кењеш тарабынан аныкталат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик майыптык же
кесиптик оору боюнча компенсацияларды төлөөгө.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
10. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
взносторунун тарифи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бе-
китилет.
V. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулук
11. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин долбоору
жыл сайын Социалдык фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин катышуусу менен иштелип чыгат, мамлекеттик соци-
алдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кењеш менен макулдашы-
лат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилет.
Социалдык фонддун бюджетин кароо жана бекитүү Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
12. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет мамле-
кеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кењеш, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралат жана Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
13. Өз ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фонд
квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына финансылык отчетторду жа-
рыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчетторунун структурасы,
даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынан
белгиленет.
VI. Социалдык фонддун аудити
14. Cоциалдык фонддун ишинин аудитин Кыргыз Республикасынын Эсеп-
төө палатасы жүргүзөт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу
кењеш Социалдык фонддун көзкарандысыз финансылык аудитин жүргүзүүгө
укуктуу.
Социалдык фондго аудит жүргүзүү жөнүндө чечим мамлекеттик социал-
дык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кењеш тарабынан аудитке
алынуучу финансы жыл аяктаганга чейин кабыл алынат.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
15. Аудитордук фирманы Социалдык фонд тендер жүргүзүү жолу менен
аныктайт жана мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча
Байкоочу кењеш бекитет. Аудитордук уюмдун Социалдык фонддун аудити бо-
юнча кызматтары Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
VII. Социалдык фонддун ишин уюштуруу
16. Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана
жүргүзөт.
17. Социалдык фонд ага жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мамлекеттик социалдык камсыздандырууну
башкаруу боюнча Байкоочу кењештин чечимдерин жана сунуштарын жетекчи-
ликке алуу менен чечет.
18. Социалдык фонддун аткаруучу органы болуп Социалдык фонддун
башкармасы-Социалдык фонддун ишине жетекчилик кылган коллегиалдуу орган
саналат.
19. Социалдык фонддун башкармасынын компетенциясына төмөнкүлөр ки-
рет:
- Социалдык фонддун келечектүү жана учурдагы милдеттерин аныктоо;
- Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлорун жана бюджетти аткаруу
жөнүндө отчетторду жактыруу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
взносторунун тарифтеринин долбоорун жактыруу;
- пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу саясатына ылайык иштелип
чыккан мыйзамдардын долбоорлорун жактыруу;
- Социалдык фонддун түзүмүн бекитүү;
- Социалдык фонддун кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин,
эмгек акы төлөө формаларын, системасын жана өлчөмдөрүн бекитүү;
- Социалдык фонддун эсептеринин планын бекитүү;
- финансылык отчеттордун түзүмүн, аларды даярдоо жана жарыялоо
тартибин аныктоо;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген ченемдик актыларды бе-
китүү;
- Социалдык фонддун жана анын башкармасынын регламентин, ошондой
эле Социалдык фонддун ички жол-жоболорун бекитүү;
- Социалдык фонддун региондук органдарын жана башка өзалдынча
түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү жана жоюу;
- эларалык кызматташтыкка катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Социалдык фонддун ишин камсыздандыруу үчүн негизги каражаттарды
сатып алуу жана сатуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу. Мында негизги ка-
ражаттарды сатып алуу жана сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Социалдык фонддун башкармасы Социалдык фонддун ишине тиешелүү ар
кандай башка маселени кароого укуктуу.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
20. Социалдык фонддун башкармасынын чечими токтом түрүндө кабыл
алынат жана Социалдык фонддун бардык органдары менен кызматкерлеринин
аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
21. Социалдык фонддун башкармасы жети кишиден турат. Анын курамына
кызматы боюнча Социалдык фонддун төрагасы, анын орун басарлары кирет.
Башкарманын башка мүчөлөрү Социалдык фонддун жооптуу кызматкерлеринин
ичинен дайындалат.
22. Социалдык фонддун башкармасы өз жыйналышын зарылчылыгына жара-
ша, бирок бир айда кеминде бир жолу өткөрөрт.
23. Башкарманын жыйналышынын кворуму башкарманын беш мүчөсүнөн ту-
рат. Эгерде анын мүчөлөрүнүн кеминде төртөө чечимди жактап добуш берсе,
башкарманын чечими кабыл алынат.
24. Социалдык фонддун башкармасынын ишине Социалдык фонддун төра-
гасы, ал жок болгон учурда аны алмаштырган адам жетекчилик кылат жана
анын жыйналышын алып барат.
25. Социалдык фонддун төрагасын жана анын орунбасарларын (анын
ичинде биринчи орунбасарын) Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт
жана бошотот. Социалдык фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн Социалдык фонд-
дун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайын-
дайт жана бошотот.
(КР Президентинин 2002-жылдын 31-октябрындагы N 299 Жарлыгынын,
2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
26. Социалдык фонддун төрагасы:
- Социалдык фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекече
жоопкерчилик тартат;
- Социалдык фондду башкарат жана анын ишин уюштурат;
- Социалдык фонддун атынан аракеттенет;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик органдар,
банктар, кредиттик, эл аралык жана башка мекемелер менен уюмдар менен
мамилелерде Социалдык фонддун кызыкчылыгын көздөйт;
- ушул Жобо менен башкарманын компетенциясына киргизилген маселе-
лерден тышкары Социалдык фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечим
кабыл алат;
- башкарманын жыйналышынын чечимдерине, протоколдоруна, ошондой
эле Социалдык фонд түзгөн макулдашуулар менен келишимдерге кол коет;
- өз орун басарларынын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин анык-
тайт;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин, региондук органдардын (об-
ласттык мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруулардын башчылары менен макулдашуу боюнча) жана өз алдынча
структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот,
аталган адамдарга тартип жазасын колдонот жана аларды сыйлайт;
- Социалдык фонддун бардык органдары менен кызматкерлери милдеттүү
түрдө аткара турган приказдарды, буйруктарды чыгарат жана көрсөтмө бе-
рет.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
27. Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн ишке кабыл алуунун шарты,
кызматтык милдеттери жана укуктары, сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу
системасы республиканын мыйзамдарына ылайык Социалдык фонддун башкарма-
сы тарабынан аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелинен " Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " ПУ №116 УказыУказ · 05.04.2001 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы №255 "Кыргыз Республикасынын финансы системасын башкаруу органдарын андан ары реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2002 · № 255 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.