Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ПОЛОЖЕНИЕ о Государственной комиссии Кыргызской Республики по иностранным инвестициям и экономической помощи (Госкоминвесте) (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики УП №115)
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
2001-жылдын «5» апрелиндеги
№ 115 Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар
жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы
(Маминвестком) жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана
экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары –
Маминвестком) түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген
мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
2. Комиссиянын төрагасы – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөр:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз
Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике
инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы – Бишкек шаарынын мэри.
3. Комиссия Маминвесткомдо иштөө үчүн башка министрлерди,
мамлекеттик комитеттердин төрагаларын, администрациялык
ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын, ишканалардын, коомдук
бирикмелердин жетекчилерин, ата-мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди
ишке тартууга укуктуу.
4. Маминвестком тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл
алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында
чет өлкөлүк инвестицияларды алган аткаруу бийлигинин бардык
мамлекеттик башкаруу органдары, ошондой эла чарба жүргүзүүчү
субъекттер үчүн аткарууга милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Маминвесткомдун
аткаруучу органы жана ал кабыл алган чечимдердин депозитарийи болуп
эсептелет.
2. Маминвесткомдун максаттары жана милдеттери
6. Маминвесткомдун негизги максаты чет өлкөлүк инвестицияларды
тартуу жана чет өлкөлүк экономикалык, техникалык жардамды натыйжалуу
пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке
ашыруу, Кыргыз Республикасынын экономикасын реформалоодо чет өлкөлүк
инвесторлордун кењири жана иштиктүү катышуусун камсыз кылуу болуп
эсептелет.
7. Маминвесткомдун негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- аткаруу бийлик органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин
чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамды тартуу боюнча
иш-аракеттерин координациялоо, ошондой эле мындай иш-аракеттердин
натыйжалуулугуна карата контролду ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында берилүүчү
чет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле экономикалык жардамды жана
чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун
артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- тыштан алган каражаттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
гарантия берүүсүнө байланыштуу маселелерди кароо;
- тышкы жардамды тартуу боюнча эл аралык уюмдар, финансы
институттары, донор-өлкөлөр менен биргелешип иштелип чыгып жаткан узак
мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программалардын жана мамлекеттик
инвестициялардын долбоорлорун кароо;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү стратегиясын аныктоо жана
алардын иш-аракеттерин координациялоонун жана контролдоонун
натыйжалуу системасын камсыз кылуу;
- чет өлкөлүк инвесторлор, республикага экономикалык жактан жардам
берип жаткан эл аралык, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер менен
иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо жана
улуттук мыйзамдардын, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор менен
түзүлгөн келишимдер менен макулдашуулардын сакталышын камсыз кылуу;
- жагымдуу инвестициялык жагдайды түзүүгө, чет өлкөлүк
инвестицияларды жана экономикалык жардамды тартууга жана пайдаланууга
байланыштуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,
Президентинин указдарынын жана Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун
кароо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк
инвесторлорго жана инвестициялык иш-аракеттин катышуучуларына
жењилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү жөнүндөгү сунуштарды кароо;
- чет өлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамды тартуу боюнча
республиканын экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон долбоорлорду
кароо жана бекитүү, алардын пайдаланышын контролдоо;
- ири объекттерди жана курулуштарды куруу үчүн эл аралык
тендерлерди жана конкурстарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу.
Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин компетенциясы
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин компетенциясына
төмөнкүлөр кирет:
- тышкы жардамдарды тартуу боюнча эл аралык уюмдар, финансы
институттары, донор-өлкөлөр менен биргелешип иштелип чыгып жаткан узак
мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык программаларды жана мамлекеттик
инвестициялар программаларын таламдаш министрликтер, мамлекеттик
комитеттер, администрациялык ведомстволор жана мамлекеттик
комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана уюмдар
менен бирдикте даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында алынуучу чет
өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамды бөлүштүрүү боюнча
сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында келүүчү
кредиттердин эсебинен каржылануучу инвестициялык долбоорлорду
экспертизадан өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- мамлекеттик инвестициялар программаларын даярдоо жана алардын
жалпысынан натыйжалуу пайдаланылышына контролдук кылуу;
- мамлекеттик инвестициялар программаларына кирген долбоорлор
жөнүндө дайыма маалымат алып туруу жана талдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында келүүчү
кредиттерди пайдалануу боюнча иштерди координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте чет өлкөлүк
инвестицияларга байланыштуу финансы-кредит системасын өнүктүрүү жана
өркүндөтүү боюнча сунуштарди иштеп чыгуу;
- башка аткаруу бийлик органдары менен бирдикте Кыргыз
Республикасынын экономикасына тартылган экономикалык жардам жана
түздөн-түз инвестициялар жөнүндөгү жыйынтык отчетту, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында келген
программалык заемдорду пайдалануу боюнча жыйынтык отчетторду даярдоо;
- башка аткаруу бийлик органдары менен бирдикте чет өлкөлүк
инвестицияларды тартуу, пайдалануу жана аларга дем берүү маселелери
(салык салуу жаатындагы жењилдиктер, реинвестициялоо, капиталды
чыгаруу ж.б.) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,
Президентинин указдары менен Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун
даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы астында берилүүчү
кредиттердин, техникалык жардамдын жана гранттардын чегинде турмушка
ашырылуучу долбоорлордун аткарылышы боюнча бөлүмдөрдүн ишине туруктуу
контролду ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен кредиттерди
тартууга байланыштуу, ошондой эле техникалык жардам жана гранттар
маселелери боюнча эл аралык уюмдар, финансы институттары, донор-
өлкөлөр менен аткарылуучу зарыл жол-жоболорду ишке ашыруу боюнча
иштерди координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы карыздар боюнча
милдеттенмелери жөнүндө дайыма маалымат алып туруу жана аны талдоо.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике
инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин
компетенциясы
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике
инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин компетенциясына
төмөнкүлөр кирет:
- чарба жүргүзүүчү субъекттерге түздөн-түз инвестицияларды
тартууга, анын ичинде чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлор менен
түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу тартууга көмөк көрсөтүү;
- чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн түздөн-түз инвестицияларды
тартуу боюнча натыйжалуу кењеш берүү системасын уюштуруу, ири
инвестициялык долбоорлорду даярдоого жана экспертизалоого көмөк
көрсөтүү;
- концессиялык келишимдер жана чет өлкөлүк концессиялык ишканалар
боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана корутундуларды даярдоо;
- акциялардын мамлекеттик пакеттерин стратегиялык инвесторлорго
сатуу, объекттерди жана курулуштарды куруу боюнча эл аралык
тендерлерди жана конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү;
- түздөн-түз инвестициялардын келишин көбөйтүүнү камсыз кылуучу
Кыргыз Республикасынын инвестициялык жактан ылайыктуулугун арттыруу,
жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- түздөн-түз инвестицияларды тартуу жөнүндө дайыма маалымат алып
туруу жана аны талдоо, Кыргыз Республикасына түздөн-түз
инвестициялардын келиши жөнүндө жыл сайынкы отчетторду даярдоо;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
саясатты иштеп чыгуу жана аны натыйжалуу ишке ашырууна контролдоо.
5. Маминвесткомдун ишмердигинин тартиби
10. Маминвестком анын компетенциясына тийиш кылынган бардык
маселелерди коллегиялуу түрдө талкуулайт жана чечим кабыл алат.
Маминвесткомдун жыйналыштары зарылчылыгына карай, бирок кварталына
кеминде бир жолу өткөрүлөт.
Маминвесткомдун жыйналыштарына анын төрагасы – Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри, ал эми ал жок болуп калган учурда
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны алмаштыруучу адам –
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетекчилик кылат.
11. Маминвесткомдун чечимдери токтом, буйрук жана протоколдук
чечим түрүндө жазылат.
12. Чет өлкөлүк инвестициялардын, экономикалык жардамдын натыйжалу
багытталышы жана пайдаланылышы үчүн жалпысынан комиссиянын төрагасы
жоопкерчиликте болот.
Мамлекеттин гарантиясы астында чет өлкөлүк инвестицияларды,
гранттарды жана техникалык жардамды тартуу жана пайдалануу бөлүгү
боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри, ал эми түздөн-түз
инвестицияларды тартуу жана пайдалануу бөлүгү боюнча – Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды
тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жоопкерчиликте болот.
13. Маминвесткомдун жыйналыштарында кароо үчүн материалдарды
даярдоону жана аларды уюштуруучулук жагынан камсыз кылууну Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча
мамлекеттик комитети алардын ушул жобо менен аныкталган аткаруучу
милдеттерине ылайык ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2004-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 13.10.2004 · № 353 · Күчүн жоготкон